Ноокатта эки унаа кагышып, үч адам жабыркады

Ноокатта эки унаа кагышып, үч адам жабыркады

Ноокат районундагы Ош—Исфана жолунда «Хонда Фит» үлгүгүндөгү унаа менен «Хундай Портер» унаасы кагышып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 5-мартта саат 13:00 чамасында болгон.

Кырсыктын кесепетинен эки унаанын айдоочулары жана бир жүргүнчү оор жаракат алып, Ноокаттагы аймактык ооруканага жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>