Site icon Reporter.kg

Ноокатта имамга унаа белек кылышты

New car gift. New white car with red gift ribbon and bow awaits its buyer in the cabin. Auto dealership and rental concept background.

Ош облусунун Ноокат районунун Шаңкол айылынын тургундары «Расулбек ажы» мечитинин имамы Муратали уулу Нурланбекке унаа белек кылышты.

Муфтияттан билдиришкендей, «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унааны жергиликтүү эл имамга ыраазычылык катары беришти.

«Буга чейин Ынтымак жана Арбын айылдарында да имамдарга авто унаа белек кылышкан. Шаңкол айылындагы бул аракет башка айылдарга да үлгү болуп, имамдарга болгон колдоо ар бир айылда уланарына ишенем», — деди райондун имамы Бекназар ажы Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version