Site icon Reporter.kg

Ноокатта кайра сел жүрдү (видео)

Ош облусунун Ноокат районунда сед жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Кара-Кой жана Калдай айылындагы Мурдачы жайлоосунан келген сел суулары 2 боз үйдү, Тельман — Кара-Кой ички чарбалык жолунун 25-чакырымын каптаган. Анын айынан жол жабылган.

Жерине Ноокат райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана айыл аймагынан экскаватор тартылган.

Белгилей кетсек, быйыл аба ырайы жаанчыл болгондуктан, аймактарда улам сел жүрүп жатат. Буга чейин Ноокатта сел жүрүп, үйлөрдү каптап, бир нече адамдын өмүрүн алган.

Exit mobile version