Site icon Reporter.kg

Ноокатта коронавирустан дагы бир адам каза болду

Ош облусунун Ноокат районунда коронавирустан 80 жаштагы дагы бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Министрликтин маалыматына ылайык, 4-апрель күнү каза болгон.

«Улгайган адам коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келип, дарыланып жаткан. Абалы оорлоп, жүрөгү кармап каза болгон», — деп айтылат маалыматта.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус адам өмүрүн алган экинчи учур катталды. 2-апрель күнү ушул эле Ноокаттын ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап көз жумган.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус илдети 147 адамга жуккан. Алардын  9у оорудан айыккан. Вирус жуктуруп алгандардын 9у дарыгерлер.

Exit mobile version