Ноокатта милиция кызматкери коронавируска шектелүүдө

Ноокатта милиция кызматкери коронавируска шектелүүдө

Ош облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ички аскер кызматкерлери үч күндүк карантинге алынды. Бул туурасында Ош шаарынын, Кара-Суу жана Ноокат райондорунун коменданты Малик Нурдинов брифингде билдирди

«Ош облустук милициясынын жана Ички аскер кызматынын кээ бир кызматкерлери 3 күндүк карантинге алынды. Алар умрадан келген жарандарды обсервацияга жаткыргандан кийин посттордо кызмат өтөшкөн. Иш-аракеттердин алгоритмине ылайык, кызматкерлер кызматка кайтып келгенге чейин, алар текшерүүдөн өтүшү керек. Мындан башка бир милиция кызматкеринин аялы айжы тойго барган. Дагы бир кызмткер илдетке шектелүүдө. Алар учурда обсервацияга алынды”, — деген ал.

Ал эми “Кабар” агенттиги Саламаттык сактоо министрлигинине таянып, Ноокат районунда коронавируска шектелип жаткан милиция кызматкеринен алыган тест анда оору бар экендгин көрсөткөнүн жазды.Бирок ПЧР-анализдин жыйынтыгы аныктала элек.

сүрөт: Азаттык/ Дастан Үмөтбай уулу
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>