Site icon Reporter.kg

Ноокатта милицияны сындап, бузулган жол тууралуу айткан активист кармалды (видео)

Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Азамат Карабаев 22-октябрда кечинде милиция тарабынан кармалды. Ал милиция кармап кеткени тартылган видеону «Фейсбуктагы» баракчасына чыгарган. Бирок кийинчерээк ал видео өчүрүлгөн.

Видеодон көрүнгөндөй, Карабаевди жол тескөөчүсү токтотуп, жол эреже бузганын айтат. Көп өтпөй эле милиция кызматкерлери келип, Карабаевге козголгон кылмыш иши бар экенин айтып, аны тергөө кызматына жеткирүү үчүн аларга тапшырма берилгенин билдирет.

Бул боюнча Ош облустук милициясы билдиргендей, быйыл 5-июлда Т. Кулатов айыл аймагынын тургундары, анын ичинде Азамат Карабаев «ЮКЦ» цемент заводуна барган. Алар чет элдик инвесторлордун иш алып баруусуна тоскоолдук жаратып, Карабаевди кайрадан «ЮКЦ» цемент заводуна жумушка алуу талабын коюп, бейбаштык кылышкан.

Азамат Карабаев заводго баргандарынын видеосун Ютубдагы «За Правду» каналына чыгарган.

Аталган факт каттоого алынып, милиция териштирүү баштаган. Карабаевдин Ютубга чыраган видеосу боюнча соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгы менен 278-берене (массалык башаламандыктар) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азамат Карабаев 22-октябрда Ноокаттын милициясы тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, Азамат Карабаев соцтармактарда бир катар маселелерди көтөрүп жүргөн. Жакында эле ал Ноокаттын милиция кызматкерлери өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруунун ордуна райондук милициянын имаратынын оңдоп-түзөө иштерине тартылганын, Ноокаттагы салынып жаткан жол бүтпөй жатып бузула баштаган билдирип, видеолорун чыгарган.

Ал мурда укук коргоо органдарында иштегени белгилүү болгон.

Exit mobile version