Ноокатта шахтада бир жаран газга ууланып каза болду

Ноокатта шахтада бир жаран газга ууланып каза болду

Ош облусунун Ноокат районунун  Жин-Жиген айылындагы шахтада бир жаран газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 28-июнда кечки саат 20:35тер чамасында болгон. Жерине ӨКМнин куткаруучулары барып, жарандын жансыз денесин шахтадан чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Учурда маркумдун аты-жөнү такталууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>