Site icon Reporter.kg

Ноокатта жер титирөө катталды

Оштун Ноокат районунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 17-ноябрь күнү саат 04:34тө Кыргызстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ноокат районунун Сөгөт, Будайлык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Зилзаладан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Exit mobile version