Site icon Reporter.kg

Ноокаттагы сел 45 баш малды агызып кеткен

Ноокат районундагы селде өлгөн малдар көмүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жаратылыш кырсыгы болгон жерде ветеринардык-санитардык талаптардын аткарылышына көзөмөл жүрүүдө.

Көбүнчө Кулатов айыл аймагында мал көп кырылган. Жалпысынан 12 баш ири мүйүздүү мал агып кеткен.

Андан сырткары, Исанов, Кеңеш, Жаңы-Ноокат, Гүлистан айыл аймагынын тургундары дагы малын жоготту.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version