Ноокаттыктар Транспорт жана жол министрлигин сый көрүп кетүүгө чакырды — сүрөт

Ноокаттыктар Транспорт жана жол министрлигин сый көрүп кетүүгө чакырды — сүрөт

Ноокатта оюлуп кеткен жолдорду оңдоону талап кылган эл нааразычылык акциясына чыкты. Катышуучулар плакаттарга өз кайрылууларын жазып, социалдык тармактар аркылуу таркатышкан.

Иш-чаранын катышуучулары Ош-Баткен-Исфана автожолунун Ноокаттагы бөлүгүн 28-75 чакырымын (47 километр) быйыл оңдолсун деген талап менен өкмөт башчыга, депутаттарга жана транспорт жана жолдор министрлигине кайрылуу жасашкан.

Маалыматка таянсак, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн (28-75 чакырымын) куруу боюнча акча каражаты чечилип, 2016-жылы Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөрүлгөн. Транспорт жана жол министрлиги тендер өткөрүп, жалпы суммасы 133, 58 миллион доллар турган долбоорду япониялык JICA уюму утуп, макулдашууга жетишкен.

Учурда Central Consultant консультациялык компаниясы тарабынан подрядчик тандоо жана курулушту көзөмөлдөө үчүн долбоордук-сметалык документтерди, тендердик документтерди даярдоо иштери жүрүүдө. Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу аталган долбоорду ишке ашырууда айрым кармалуулар болгон.

Билдирүүгө таянсак, жакын арада тендердик документтерди макулдашуу процесси жыйынтыкталып, подрядчикти тандоо башталат. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь-октябрь айына карата подрядчик тандалып, куруу иштери башталат.

Долбоордун ишке ашырылышы Премьер-министр Улукбек Мариповдун жеке көзмөлүндө болору айтылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>