Site icon Reporter.kg

Ноокен аймактык мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы казынага 3 млн сом зыян келтирип кармалды

Ноокен районунун Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин регионалдык секторунун башчысы кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кечээ, 9-апрелде УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Абхазиядан алынып келинген бажы декларациясынан өтпөгөн, мыйзамсыз катталган кымбат баалуу автоунаалардын фактылары боюнча коррупциялык схеманын бети ачылып ага бөгөт коюлду.

Такталган боюнча, Орусия транзиттик каттоо документтеринин негизинде, Кыргыз Республикасынын техникалык паспорттору жана мамлекеттик номурлары берилген эки «Лексус GX» үлгүсүндөгү унаасы катталганы аныкталды.

Натыйжада, мамлекетке бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу менен 3 миллион сомдон ашык чыгым түрүндө зыян келтирилгендиги аныкталды.

Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча, Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун регионалдык сектор башчысы «О.М.А» кармалды.

УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version