Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук электр тармактар (РЭС) ишканасынын эки кызматкери 9,5 млн. сомду мыйзамсыз ыйгарып алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, ишкананын кассири жана эсеп-кысап боюнча инженери өз ара сүйлөшүп алып, Ноокендеги жеке чарбалардан электр энергиясы үчүн алынган төлөмдөрдү ““1-С” программасы аркылуу «РСК Банкка» төгүлгөн”- деп туура эмес маалыматтарды көрсөтүп турушкан. Банктан накталай төлөм үчүн берилген дүмүрчөктү «кылмышты жашыруу үчүн жасалмалап келишкен».
Тергөө көрсөткөндөй, шектүүлөр 2015-жылы 1 млн. 47 миң сом, 2016-жылы 2 млн. 935 миң сом, 2017-жылы 2 млн. 600 миң сом, 2018-жылы 3 млн. 9 миң сом өлчөмүндө бюджеттик каражатты өздөрүнө алып алышкан.
Натыйжада «Жалал-Абад электр» ишканасына жалпы 9 млн. 592 миң 894 сом материалдык зыян келтирилген.
Ноокен райондук милициясы «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу» беренеси менен иш козгоп, шектүүлөрдү убактылуу кармоочу жайга киргизди.