Site icon Reporter.kg

Ноокен районунун тургундары Бактыбек Сыдыковдун программасын жактырышты

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бактыбек Сыдыков күн сайын Ноокен районунун тургундары менен жолугушуусун улантууда. Тагыраагы, Бактыбек Сыдыковдун кезектеги үгүт иштери райондун Момбеков, Арал, Масы жана Сакалды айыл аймактарында өттү.

Сыдыков элеттиктердин көйгөйлөрүн угуп, талкуулап, өзүнүн шайлоо программасы жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, райондун ичиндеги жана райондун тегерегинде жайгашкан айылдарда пайда болгон таза суу, жарыктандыруу, жол, бала-бакча, мектеп, жумушсуздук жана башка ушул сыяктуу маселелер элеттиктерди түйшөлтүп келет. Дал ушундай маселелердин өзөктүүлөрүн чечүүгө багыттала турган долбоор анын программасынын платформасында бар.

“Мен Жогорку Кеңешке келсем, райондун инфраструктурасын жакшыртууга аракет кылам. Зарыл болгон жерлерге жаңы мектептерди, бала-бакчаларды, ооруканаларды, жолдорду жана башка башка эл үчүн иштеген инфраструктураларды курууга көмөк көрсөтөм. Ошондой эле аймакта жаңы жана иштебей турган, анын ичинде айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканаларды ишке киргизүү үчүн каражат табабыз.  Андан сырткары, суу каналдарын куруп, ирригация системаларын модернизациялап, сугат жерлердин аянтын кеңейтебиз. Ар бир айылдык округда машина-трактор станцияларын ачабыз”,- деди Сыдыков.

Ошондой эле ал 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөрүн, бул күнү кыргызстандыктар парламенттин депутаттарын гана шайлабастан, өлкөнүн, облус жана райондордун бүтүндөй келечегин, жакынкы аралыкта баса турган жолун тандай тургандыгын айтты. Бирок ал күнү шайлоочулар элдин кызыкчылыгын коргой алган, өлкөнүн өнүгүшү үчүн кам көргөн жана жеке кызыкчылыктарын райондун кызыкчылыктарынан жогору койбогон талапкерлерди тандоо менен өлкөнүн, анын ичинде райондордун ар тараптан өнүгүшүнө салым кошо алышаарын белгиледи.

“Ал үчүн талапкерлердин жеке программалары менен таанышып, алар сунуштап жаткан өзгөртүүлөрдү жана учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жолдорун изилдеп көрүп, өз добушуңуздарды берүүңүздөр керек. Менин оюмча, сиздерге сунуштап жаткан программам жогоруда аталган критерийлерге жооп берет. Ошондой эле мен эл менен бийликтин ортосунда көпүрө болуп, аймактагы эң актуалдуу маселелерин чечип, айыл турмушунун бардык тармактарын өнүктүрүүгө бардык күчүмдү жумшоого даярмын. Ошондуктан сиздер эртеңки келечегибизге кайдыгер карабай, мага ишеним артып, добушуңуздарды берсеңиздер үмүтүңүздөрдү актайм деп ишенимдүү түрдө айта алам. Анткени, Жогорку Кеңеште сиздерге татыктуу кызмат кылуу үчүн билимим, кесиптик жана турмуштук тажрыйбам жетиштүү”,- деп кошумчалады ал.

Иш-чаранын соңунда элеттиктер, Бактыбек Сыдыков жакшы үмүттөрдү жаратып жатканын айтышып, ушундай талапкерлердин парламентке келишин каалай тургандарын жашырышкан жок. Андан сырткары тургандар талапкерге ийгиликтерди каалап, ак баталарын беришти.

Кыргызстанда 28-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Шайлоо бюллетенинде Бактыбек Сыдыков №5 менен катталган.

 

Даярдоочу: «Акчабар» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Каракульская көчөсү, №1.

Тапшырмачы: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсенович.

Нускасы: 1 даана, чыгарылган датасы: 2021-ж. 15-ноябрь.

«Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкер Сыдыков Бактыбек Үсеновичтин шайлоо фондунун каражаттарынан финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Камбаров А.Ж.  тарабынан төлөндү.

Exit mobile version