Бетме-бет сүзүшкөн! Ноокенде үч өмүрдү алган жол кырсыгынын чоо-жайы – сүрөт

Бетме-бет сүзүшкөн! Ноокенде үч өмүрдү алган жол кырсыгынын чоо-жайы – сүрөт

Бишкек-Ош унаа жолунун 498-чакырымында жол кырсыгында каза болгон адамдар  Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун тургундары болгон.  Бул тууралуу “Репортерго” Жалал-Абад облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмөн билдиришти.

Жол кырсыгы Ноокен районунун Бүргөндү айылынын аймагы аркылуу өткөн Бишкек – Ош унаа жолунун 300 чакырымында болгон. Анда Ноокен районунун Курулуш айылынын 22 жаштагы О.А. аттуу тургуну Daewoo Nexia үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып, каршы тилкеге чыгып, Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү жүк ташыган автоунаа менен бетме-бет сүзүшүп алган. 

Жол кырсыгынын натыйжасында Daewoo Nexia унаасында жүргүнчү болуп бара жаткан Кочкор-Ата шаарынын 26 жаштагы М.Т. аттуу тургуну жана аты — жөнү тактала элек дагы бир адам ошол жерде көз жумган. 

Daewoo Nexia унаасынын айдоочусу ооруканада каза тапкан. 

Ал эми Mercedes Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 26 жаштагы К.А. аттуу Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну жана аталган унаада жүргүнчү болуп бара жаткан Ноокен районунун 34 жаштагы Н.Т. аттуу тургуну жеңил жаракаттарды алып, алгачкы медициналык жардам көргөзүлгөндөн кийин ооруканадан чыгышкан.

[su_image_carousel source=»media: 50229,50230″ crop=»none» autoplay=»4″]

Белгилей кетсек, буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ноокен районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болгонун кабарлаган.  

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>