Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктаган шектүү кармалды

Ноокенде 10 жаштагы кызды зордуктаган шектүү кармалды

Ноокен районунда10 жаштагы кызды зордуктоого шектүү катары 18 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокен районунун  тургуну 2000-жылы туулган А.А. кармалып, Жазык кодексинин 98-беренесинин негизинде камакка алынган. Бүгүн Ноокен райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт”, — деп жазылат мекеме жиберген маалыматта.

Белгилей кетсек, 28-январда жергиликтүү тургун 10 жаштагы кызын бейтааныш адам зордуктап койгонун айтып, милицияга кайрылган.

Ноокен райондук милициясы шектүүгө издөө жарыяланган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>