Site icon Reporter.kg

Ноокенде 24 жаштагы келинди мурдагы күйөөсү бычактап өлтүрдү

Rural Kyrgyzstan, suburbs of Bishkek. Credit: Sveta Zelenskaya // Kloop.kg

Ноокен районунда 24 жаштагы келиндин өлүмүнө шектүү делип, анын мурунку күйөөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 27-августка караган түнү саат 02:40 чамасында, Ноокен районунун  Кочкор-Ата шаарында жайгашкан кафелердин биринин короосунда Ноокен районунун тургуну жашы 25-30 чамалардагы аялдын киши колдуу болуп жансыз денеси жаткандыгы боюнча Ноокен милициясына кабар келип түшкөн.

Аталган факты боюнча маалымат Ноокен РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

Окуя болгон жерге Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жана  тергөө-ыкчам тобу чыгышып, кароо жүргүзүлүп ишке керектүү тиешелүү материалдар чогултулуп алынган.

Ошондой эле каза болгон аял Ноокен районунун 24 жаштагы тургуну М.Г. экендиги такталып, анын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык изилдөөгө берилген. Анын денесинин 17 жерине бычак сайылгандыгы аныкталган.

Ноокен РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмыштын изин суутпай, шектүү катары каза болгон аялдын мурдагы күйөөсү, Кочкор-Ата шаарынын тургуну 1989-жылы туулган А. И. кармалып, райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынган. Ал Ноокен РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иштин алкагында жана соттун кароосуна жиберүү үчүн  тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

 

Exit mobile version