Site icon Reporter.kg

Ноокенде аял кишинин жансыз денеси табылды

Ноокен районунда сайдан аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Масы айылындагы Эски Масы сайында азиат улутундагы аялдын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, аялдын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version