Ноокенде мас жигиттердин мушташы өлүм менен аяктады

Ноокенде мас жигиттердин мушташы өлүм менен аяктады

Ноокенде мас жигиттердин мушташы өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 15-октябрга караган түнү учтуу нерседен жараат алып, каза болгон 26 жаштагы Н.С. атту адамдын ооруканага түшкөнү тууралуу милицияга маалымат түшкөн. 

Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал өзүнүн эле теңтушунун колунан каза тапканы белгилүү болгон.  Шектүү катары 27 жаштагы С.Ш. аттуу жигит кармалган. 

Кийин белгилүү болгондой 15-октябрга караган түнү Ноокен районунун тургундары 1993-ж.т. С.Ш., 1994-ж.т. Н.С. жана башка бир топ балдар менен биргеликте талаага эс алууга чыгышып, спирт ичимдигин ичишкен. Маркум менен шектүү күрөшүп жатып урушуп кетишкен. Ызаланган шектүү  азык-түлүк кескени алып барган бычак менен бир нече жолу сайып жиберген.  Натыйжада алган жараатынан улам Н.С. ооруканага жетпей каза болгон.

Бул окуя боюнча Ноокен РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү 2 айга камакка алынган.

[su_image_carousel source=»media: 44920″ crop=»none» autoplay=»4″]

Тэги: Ноокен

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>