Site icon Reporter.kg

Ноокенде милиция кызматкери ажатканада өзүн-өзү атып өлтүрдү

Ноокенде милиция кызматкери ажатканада өзүн атып өлтүрдү. Бул туурасында Жалал-Абад облустук милиция  Reporter.kg′ге билдирди.

Маалыматка караганда,  Ноокен районунун Күзөт бөлүмүнүн милиционери, милициянын ага сержанты 33 жаштагы  Р.Т. ажатканада белгисиз себептерден улам өзүнө бекитилип берилген “Тула Токорева” (ТТ) 7,62 мм. үлгүсүндөгү табелдик ок атуучу куралы менен өзүн-өзү баш тарабына атып алып, окуя болгон жерден каза тапкан.

Окуя болгон жерге Жалал-Абад облустук милиция жана  Ноокен районунун прокурору, тергөө-ыкчам топтору барышып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган.

Топтолгон материалдар Ноокен райондук милициянын МЭЖна (маалыматтардын электрондук журналы) “Өз өмүрүн кыюу” болуп катталып, караштуулугу боюнча Ноокен райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилген.

Exit mobile version