Ноокенде милиция кызматкерин бычактап өлтүрүп кетишти

Ноокенде милиция кызматкерин бычактап өлтүрүп кетишти

Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери белгисиз адамдар тарабынан бычакталып, алган жаракатынан улам каза тапты. Бул тууралуу маркумдун айылдаштары билдиргенин «Turmush» жазды.

Маалым болгондой, окуя 31-декабрда түнү болгон.

Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 1-январда саат 04:05дө Базар Коргон райондук ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу сол көкүрөгү тараптан жаракат алган 30-35 жаштардагы эркек кишинин жансыз денесин алып келишкен.

«Териштирүү учурунда Ноокен районунун Арал айыл аймагынын Орто-Сай участкасында Базар-Коргон районунун тургундары М.А. жана Б.А. жолдон кетип бара жатканда бейтааныш 2-3 жигит урганы белгилүү болгон. Алар агасы Абылов Майрамбекке жана Ноокен РИИБдин аймактык өкүлү Рахманалы уулу Улукбекке телефон чалып, «балдар бизди уруп койду, биз талаада качып жүрөбүз, жардам бергиле» деп чакырышкан. Чакыруу болгон жерге Абылов Майрамбек милиция кызматкери катары жабырлануучуларга жардам берүү максатында барып, окуянын чоо-жайын сураштырган. Ал ошол учурда качып бара жаткан адамдын аркасынан чуркап барып кучактап кармаганда, ал милиция кызматкеринин сол көкүрөгүнө бычак менен сайып жиберген. Милиционер алган жаракатынан улам каза тапкан», — деп айтылат маалыматта.

Абылов Майрамбек 30-декабрда Ноокен РИИБде нөөмөттө болуп, 31-декабрда эс алууда болгон.

Аталган окуя боюнча топтолгон материал 1-январда Ноокен РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси менен (киши өлтүрүү) каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Аталган кылмышка шектүү делип Базар-Коргон районунун 1994-жылы туулган тургуну С.Ш. көп узабай колго түшүрүлдү. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Каза болгон кызматкер тууралуу маалымат:

Милициянын сержанты Абылов Майрамбек Базар-Коргон районуна караштуу Кеңеш айыл аймагында 1989-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, эки баланын атасы. Ички иштер органдарында 2013-жылдан бери кызмат өтөп келген.

Жалал-Абад ОИИБдин жалпы жамааты каза болгон кызматкердин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>