Ноокенде тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Ноокенде тергөөчү пара алып жаткан жеринен кармалды

Пара талап кылуу фактысы боюнча Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-мартта 12 миң сом пара алып жаткан Ноокен районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны Р.у.И.ни жана Э.К. аттуу жаранды кармады.

Алар Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Маасы айылында майда бейбаштык фактысы боюнча жашы жете элек кызга жана анын тууганына карата козголгон кылмыш иши боюнча оң чечим чыгарып берүүнү убадалашкан.

Шектүүлөр 326-берененин 1-бөлүгү (Пара талап кылуу) менен айыпталууда.

Учурда УКМК тарабынан ыкчам тергөө иштери уланып жатканы айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>