Ноокен районунда өрттүн кесепетинен бир адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Ноокен айыл аймагынын Коминтерн айылында Жалпы аянты 119 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1973-жылы туулган А.Н. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган жана тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген. Өрттүн себеби такталууда.