Site icon Reporter.kg

Ноокенде тургун электр мамысына чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылды

Ноокенде тургун электр мамысына чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү Ноокен районунун Сакалды айылында жайгашкан пахта заводунун аймагында 1976-жылы төрөлгөн киши электр мамысына чыгып өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Аталган жайга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары тартылып, сүйлөшүү иштери жүргүзүлгөн.

Анын натыйжасында аталган тургунэлектр мамысынан аман-эсен түшүрүлгөн.

 

Exit mobile version