Site icon Reporter.kg

Ноокенде унаа каналга түшүп кетти

Ноокен районунда жеңил унаа каналга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бүргөндү айыл аймагынын Ак-Бата  айылынын чоң суу каналына “Мазда 626” үлгүсүндөгү жеңил унаа түшүп кеткен. Жабыркагандар жок.

Жерине 3 куткаруучу тартылып, унаанын ээси тарабынан эвакуатор чакыртылып, куткаруучулар менен биргеликте чыгарышкан.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version