Site icon Reporter.kg

Ноокенде жоголгон өспүрүм кыздар Бишкектен табылды

Ноокенде дайынсыз болуп жаткан 6-класстын эки окуучусу табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 24-январь күнү саат 12:45 чамасында Ноокен районунда 6-класста окуган 13 жаштагы классташ 2 кыз мектепке барабыз деп үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Бул окуя Ноокен милициясы тарабынан каттоого алынып, кыздарды издөө иштери башталган.

Милициянын издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз болуп жаткан кыздар Бишкек шаарынан табылган.

Үйлөрүнөн кетүүсүнүн себеби катары жакындарына болгон таарыныч катары көрсөтүшкөн. Алар Ноокен районуна алынып келинип ата-энесине өткөрүлүп берилген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version