Ноокенде жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 3 адам ооруканага түштү

Ноокенде жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 3 адам ооруканага түштү

Бишкек-Ош жолунда эки унаа кагылышып, 3 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 30-ноябрь күнү саат 23:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 498-чакырымында, Ноокен районунун  Кыпчак-Талаа айылында болгон.  Анда Daewoo Nexia үлгүсүндөгү жана Mercedes Sprinter унааларынын кагылышкан. 

Жол кырсыгынын натыйжасында бир адам каза болуп, дагы 2 киши ооруканада көз жумган.  Мындан сырткары дагы 3 адам жаракат алып, Кочкор-Ата шаардык ооруканасына жаткырылган. 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>