Сузактагы айылдардын биринде, бакта асылып турган 20 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан маалымдашты.
Маркумдун сөөгү 29-июль күнү түшкө жуук табылган. Ал Ноокен районунун тургуну экени аныкталган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда маркумдун өлүмүнүн себептери иликтенип жатат.