Site icon Reporter.kg

Ноокендин 20 жаштагы тургуну асынып алды

Сузактагы айылдардын биринде,  бакта асылып турган 20 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициядан маалымдашты.

Маркумдун сөөгү 29-июль күнү түшкө жуук табылган. Ал Ноокен районунун тургуну экени аныкталган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда маркумдун өлүмүнүн себептери иликтенип жатат.

Exit mobile version