Site icon Reporter.kg

Ноокендин сотунда залдар жетишпегендиктен, иштер убагында каралбай жатканы айтылды

Жалал-Абаддын Ноокен райондук сотунда ишти кароо үчүн отурум өткөрө турган залдар, кызматкерлер үчүн иш бөлмөлөр жетишсиз. Бул тууралуу Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевдин райондук соттун кызматкерлери менен болгон жолугушуусунда айтылды.

Жолугушууда Сатыев Ноокендин сотунда иштер өз убагында каралбай жатканын айтып, сотторду сынга алган.

«Иштер созулуп каралып жаткандыгына байланыштуу, тараптар нааразы болуп жатышат. Мындай көрүнүштөрдү жоюп, өз убагында иштерди кароого өтүшүңөр керек», — деди ал.

Ноокен райондук сотунун төрайымы Ойниса Эгембердиева алар отурган имаратта сотторго жана аппарат кызматкерлерине бөлмөлөр жетишсиз экенин, беш сот үчүн бир гана зал бар экенин айткан.

Облустук соттун төрагасы Каныбек Токтосун уулу алар жаңы имарат куруу сунушу менен Сот департаментине кайрылганын, жер тилкесин караштыруу иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирген.

Exit mobile version