Site icon Reporter.kg

Нооруз – 2023: Бишкекте бир тоннадан ашык сүмөлөк даярдалды

Нооруз майрамына карата Бишкекте бир тоннадан ашык сүмөлөк даярдалды.  «Дасмия» этнокомплексинде сүмөлөк кайнатуу аземи өттү.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, борбор калаанын вице-мэрлери, Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген аялдар, балдар үйүнүн тарбиялануучулары жана 200гө жакын шаар тургундары катышты.

Жалпысынан 1 тонна 200 литр сүмөлөк даярдалды. Нооруз күнү таттуулар кыргызстандыктарга жана балдар үйлөрүнө бекер таратылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version