Site icon Reporter.kg

Нооруздан кийин «Ала-Тоо» аянтынан үч тонна таштанды чыгарылды

Нооруз майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина  тартылган.

“Урматтуу шаар тургундары! Таштандыларды челектерге салып,  шаардык кызматкерлердин эмгегин сыйлагыла”, — деп эскертет мэрия.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Exit mobile version