Кыргызстанда Нооруз майрамын белгилөө учурунда өлкө бөюнча 12 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипти карайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Ноорузду утурлай милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.
Бишкек милициясынын маалымат кызматы билдиргендей, майрам күнү борбор калаада 2 миңден ашык милиционер кызмат өтөйт. Алардын ичинен 1,5 миңден ашыгы негизги майрамдык салтанат өтөт турган «Ала-Тоо» аянтында коомдук тартирти жана коопсуздукту карайт.