Site icon Reporter.kg

Ноорузга карата милиция күчөтүлгөн тартипке өттү

Нооруз майрамынын алдында Ички иштер министрлиги 20-21-март күндөрү жарандардын коопсуздугун камсыздоо чараларын күчөтөт. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, Ноорузду майрамдоого арналган маданий-массалык иш-чараларга даярдануу жана өткөрүү учурунда милициянын аймактык бөлүктөрү жер-жерлерде коомдукт тартипти камсыздоого, манилүү обьекттерди коргоого жана укукка каршы аракеттерди алдын алууга багытталган уюштуруучулук жана практикалык чараларды көрүшөт.

Атайын буйрукка ылайык, майрамдык иш-чаралар өткөрүлүүчү жайлардын коопсуздугун камсыздоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Өзгөчө маанилүү обьекттер күчөтүлгөн коргоого
алынды.

Майрам күнү коомдук тартипти камсыздоого республика боюнча 11 миңден ашык милиция кызматкерлери тартылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version