“Нотариалдык иш маселелери жөнүндөгү” токтомго өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү документке өкмөт башчы Адылбек Касымалиев кол койду. Бул тууралуу Министрлер кабинети билдирди.
Токтомго ылайык, өрт жана электр коопсуздугунун эрежелерин, ошондой эле санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди, ченемдерди жана гигиеналык нормативдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик нотариуска жүктөлөт.
Токтом Кыргызстандын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында кабыл алынган.