Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары менен жолугуп, эки тараптуу маселелерди талкуулады

Новиков Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары менен жолугуп, эки тараптуу маселелерди талкуулады

Бүгүн, 9-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков менен Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары — Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун Фергана шаарында эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу Кыргыз Өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтыктын бардык спектрин талкуулашты. 

Тактап айтканда, ушул жылдын 25-декабрына чейин биргелешкен өз ара аракеттенүүнүн конкреттүү чараларын, багыттарын жана шарттарын аныктоо менен биргелешкен инвестициялык долбоорлорду жана өнөр жай кызматташтыгынын долбоорлорун жүзөгө ашыруу боюнча маселелердин комплексин кароо чечими кабыл алынды.

Эки өлкөнүн экспорттук географиясын кеңейтүү жана алардын жаңы рынокторго чыгуусу үчүн транспорттук индустрияны, анын ичинде эл аралык транспортту өнүктүрүү маселелери каралды.

Тараптар эки өлкөнүн аймагында биргелешкен соода-логистикалык жана дүң бөлүштүрүү инфраструктурасын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле буга чейин кол коюлган Финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында уставдык капиталы 50 миллион долларды түзгөн кыргыз-өзбек инвестициялык фондун түзүү жана бажы чөйрөсүндө өз ара кызматташуу боюнча жумушчу топ түзүү чечими кабыл алынды.

Жыйынтыгында эки тараптуу кызматташууну кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>