Новиков: Кыргызстанда ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Новиков: Кыргызстанда ишкерлерди тейлөө борбору ачылат

Ишкерлерди тейлөө борборун ачуу иштери өткөн жылдын ноябрь айында башталган. Бирок, азыркы убакка чейин тейлөө борбор ишке кире элек. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков атайын жыйында билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор Бишкек шаарындагы «Эльдорадо» имаратында ачылат.

«Өкмөт башчы тарабынан бул борборду ачуу боюнча иштерди ыкчамдатуу тапшырмасы берилген. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин тейлөө борбору ишке киргизиле элек. Ишти активдештирүү зарыл. Биз салык төлөөчүлөрдүн тейлөө сапатын жакшыртышыбыз керек жана ишкерлердин аткаруу бийлигиндеги жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарындагы мамлекеттик кызматкерлер менен болгон өз ара иштешүү жол-жобосун жөнөкөйлөтүшүбүз керек. Ишкерлерге уруксат кагаздар «бирдиктүү терезе» принциби аркылуу бир жерден берилүүсү шарт», — деп белгиледи Новиков.

Ал үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине чейин «КР ишкерлерди тейлөө Борборунун» концепциясын иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>