Ново-Покровкада тургундун үйүнөн 3 кг марихуана табылды

Ново-Покровкада тургундун үйүнөн 3 кг марихуана табылды

Чүйдүн тургундун үйүнөн 3 кг марихуана табылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 4-декабрь күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлгөн.  Анын натыйжасында үйдөн 3 килограмм 200 грамм баңгизатка окшош зат тыбылып, химиялык экспертизанын жыйынтыгында ал марихуана маң заты экендиги аныкталган. 

Үйдүн ээси 40 жаштагы Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.   

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>