Чүйдүн тургундун үйүнөн 3 кг марихуана табылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 4-декабрь күнү сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында үйдөн 3 килограмм 200 грамм баңгизатка окшош зат тыбылып, химиялык экспертизанын жыйынтыгында ал марихуана маң заты экендиги аныкталган.
Үйдүн ээси 40 жаштагы Д.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.