Site icon Reporter.kg

Новопавловкада 29 млн сомго гүлбак салынууда

Бишкек шаарына жаңы кошулган Новопавловка айылында гүлбак салынууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Гүлбак Фрунзе көчөсүндө жайгашат, ал 29 млн сомго курулууда. Курулуш иштерин «Орбитал Строй» компаниясы жүргүзүп жатат.

Гүлбактын курулушу күзүндө бүткөрүлөт деп пландалууда. Анын аянты дээрлик 11 миң чарчы метрди түзөт.

Exit mobile version