Site icon Reporter.kg

Новопокровка: Үйдөн чыккан жылан көптөн бери жүргөн

8-сентябрь күнү Ысык-Ата районунун Новопокровка айылынын Достук көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жылан жүрөт, чыгарып бергиле деген Өзгөчө кырдаалдар министрлигине кайрылуу келип түшкөн. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымдарында, чакыруу түшөөрү менен Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнүн үч кызматкери кечки тогуздар чамасында барган. Жыланды кишилер чайына турган ваннанын ичинен кармап чыгышкан. Жабыр тарткандар жок.

Үй ээси куткаруучуларга төмөндөгүдөй маалыматтарды берген:

“Жыландын кирип кеткенине бир нече күн болгон. Өздөрү чыгаруудан кооптонуп, чакырганбыз. Жылан бир канча жолу кирип чыгып турган. Мындан улам үйүнүн жанында дренажда жыландын уясы барбы деген шек бар. Үйдө 4 өспүрүм, 2 аял жашайт. Айрыкча балдарынан корккон эне-ата атайын куткаруучуларды жардамга чакырган”

Ошондой эле жыландын кайсы түрү экени белгисиз болуп жатат.

Exit mobile version