Site icon Reporter.kg

Ноябрда кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат

Ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

7-8-ноябрда Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленет. Бул жылы бул эскерүү күндөрү ишемби жана жекшембиге туш келгендиктен, эс алуу күндөрү дүйшөмбү (9-ноябрь) жана шейшембиге (10-ноябрь) которулат.

Мындан улам жумасына 5 жумушчу күн графиги менен иштеген кыргызстандыктар катары менен төрт күн — 7, 8, 9 жана 10-ноябрда эс алышат.

Exit mobile version