Бишкекте 14-15-ноябрда “Мекендештер -2023” форуму өтөт. Бул тууралууу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кабарлады.
Иш-чарага Россия, Борбордук Азия, Европа, Азия өлкөлөрүндө жана Америкада жашап жаткан кыргызстандыктардын жана этникалык кыргыздардын катышуусу күтүлөт.
Белгилей кетсек, аталган форум 2012-жылдан бери уюштурулууда.
Андан тышкары, ноябрь айында этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнүн, көптөгөн коомдук бирикмелердин жана диаспоралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда этностор аралык мамилелер темасына арналган “Бирдиктүү эл-Өнүккөн-Өлкө” аттуу жалпы улуттук форуму дагы болот.
20-ноябрга Кыргызстанда “Кыргызстан – конфессиялар аралык ынтымактын жана тынчтыктын өлкөсү” аттуу эл аралык конференция пландаштырылууда.
22-ноябрда жаштардын көйгөйлөрүн талкуулоого арналган “Кыялымдагы Кыргызстан” жалпы улуттук жаштар форуму өтөт.
Айдын аягында Министрлер кабинети гендердик маселелерди талкуулоого арналган атайын жыйын өткөрүүнү пландаштырууда.
Мында аялдарга карата зордук-зомбулуктун резонанстуу учурларын талкуулоого өзгөчө көңүл бурулат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз