Нур-Султан шаары кайрадан Астана болуп өзгөртүлөбү?

Нур-Султан шаары кайрадан Астана болуп өзгөртүлөбү?

Нур-Султан шаары кайрадан Астана деп өзгөртүлөрү тууралуу маалымат интернет желесинде тарап жатат. Бул маалыматты Казакстандын министрликтер өкүлү Касымхан Нурдаулетов “Нурсултанский просвет” гезитине маек берип жатып билдиргени жазылууда.

Ал бул туура чечим экенин айтып, буларга токтолгон: “Бул эң туура жана ойлонулган чечим. Астанага канча күч, эмгек жумшалганын билебиз. Ал эми бүгүнкү күндө Астана —  эл аралык борбор жана Евразиядагы эң кооз, өнүккөн шаарлардын бири. Бул нерсенин баары мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин саясат эрки үчүн болгон. Эми президент Касым-Жомарт Токаев шаардын эски атын кайтаруу чечимин эң туура жана мыйзамдуу деди. Астаналыктарды шаардын атынын өзгөрүшү менен куттуктайм. Эми чечимди бекитүү үчүн Конституцияга өзгөрүүлөр киргизилиши керек.”, —  деп маалымат берген деп айтылат.

Бирок Нур-Султан шаардык мэриясынын басма сөз кызматы интернетке тарап жаткан бул маалымат «фейк» деп жооп бергенин Zakon.kz  жазган.

«Шаар тургундары бир гана такталган, ишенимдүү булактардан маалымат алууңуздарды өтүнөбүз. Фейк маалыматтарды таратпоого чакырабыз», — деген Нур-Султан мэриясы.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>