Site icon Reporter.kg

Нуракун уулу: Абылгазиевдин басма сөз катчысы жоопкерчиликке тартылат же жекечирим сурайт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин басма сөз катчысы жоопко тартылышы керек же кечирим сурасын. Бул тууралуу парламенттин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу “Фейсбук” баракчасы жазды.

“Кечээ күнү Өкмөт башчыбыздын маалымат катчысынын жасаган билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевди кемсинткен сөздөрдүн кошулуп кетиши өкүнүчтүү.Өкмөттү түздөн-түз бекиткен бийлик бутагы катары эл өкүлдөрү ар дайым бул сыяктуу сындарды айтып келген жана мындан кийин да айта бермекчи.

Жогорку Кеңештин депутатына Премьер-министр токтомдо айтылган тармактардын тизмесин тактап беребиз деп жыйын учурунда сылык гана формада жооп берген эле. Бирок эртеси күнү өкмөт башчынын расмий өкүлү тарабынан депутатты — эл өкүлүн келекелөөгө жол берилгени биз үчүн түшүнүксүз. Бул жагдайга байланыштуу тиешелүү кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат же кур дегенде кечирим сурайт деп үмүттөнөбүз”, — деп жазган Ибраим Нуракун уулу.

30-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Каныбек Иманалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге кайрылып, 1-майдан тарта уруксат берилген тармактардын жоболору Казакстандан көчүрүлгөнүн айтып чыккан.

Буга жооп берген премьер-министрдин басма сөз катчысы Адилет Султаналиев, Иманалиев өлкөдөгү өндүрүш ишканаларын билип алсын, алар Нарын дарыясындагы крокодил тууралуу жомок эмес деген.

Exit mobile version