Site icon Reporter.kg

Нурбек Жеңиш Улуттук банктын төрагасынын орун басарлыгынан кетти

Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш ээлеген кызматынан бошотулду. Бул маалыматты Reporter.kg′ге Улуттук банктан тастыкташты.

Маалым болгондой, буйрукка 2022-жылдын 30-августунда кол коюлган.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин маалыматына караганда, ал берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

Ал бул кызматты 2014-жылдын 22-августунан бери аркалап келген.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version