Нурболот Үсөнбаев: Эпидемиологиялык абал курч мүнөзүн жогото элек, санитардык талаптарды сактагыла

Нурболот Үсөнбаев: Эпидемиологиялык абал курч мүнөзүн жогото элек, санитардык талаптарды сактагыла

Эпидемиологиялык абал курч мүнөзүн жогото элек. Дүйнө жүзүндө пандемия дагы деле жүрүп жатат жана айрым мамлекеттерде мектеп окуучуларынын арасында оору жугуп жатканы белгилүү. Мындан улам, Саламаттык сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы окуу жылына даярдыктарды көрүүдө. Айрыкча, 1-класска бара турган балдардын окуусуна шарттар түзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-августта саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Ал ар бир ата-эне бул маселеге жакшы көңүл буруп, санитардык талаптарды аткаруусу зарыл экенин белгиледи.

Анын айтымында, шарттуу түрдө окула турган фортепиано, балет жана башка окууларга атайын талаптар иштелип чыгат жана алар толук сакталышы кажет.

«Эпидемиологиялык абалга байланыштуу, ар бир адам ооруну жугузуп албоо үчүн санитардык талаптарды сактоосу зарыл. Ооруп, айыгып чыккандар вирусту кайра жуктуруп албаш үчүн реабилитациянын шарттарын толук аткаруусу зарыл. Эгерде оорунун кандайдыр бир белгиси пайда болсо, өз алдынча дарыланбастан түздөн-түз медициналык кызматкерлерге кайрылуу кажет. Өз алдынча дарылануу ден соолукка зыян экенин унутпаңыздар», — деп кошумчалады Үсөнбаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>