Нурболот Үсөнбаев жаңы кызматка дайындалды

Нурболот Үсөнбаев жаңы кызматка дайындалды

Саламаттык сактоо министринин мурунку орун басары Нурболот Үсөнбаев Республикалык карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун директорунун орун басары болуп дайындалды.

Үсөнбаев саламаттык сактоо министринин орун басары болуп 2020-жылдын апрелинен 2021-жылдын 25-мартына чейин иштеген.

Белгилей кетсек, буга чейин саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев жаңы кызматка дайындалганы кабарланган.

Март айынын соңунда саламаттык сактоо министринин орун басарлары Мадамин Каратаев менен Нурболот Үсөнбаев кызматынан бошотулган болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>