Site icon Reporter.kg

Нурдөөлөт Базарбаев Саламаттык сактоо министринин орун басары болуп дайындалды

Нурдөөлөт Базарбаев Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.

Базарбаев 1968-жылы 28-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Сары-Камыш айылында туулган. Үй-бүлөлүү, беш баланын атасы.

Билими жогорку, 2001-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Ал буга чейин Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Социалдык камсыздоо департаментинин директору болуп иштеген.

Exit mobile version