Site icon Reporter.kg

Нурдан Орунтаев 2023-жылы 1,7 млн сом киреше тапкан

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев 2023-жылы 1 млн 712,6 миң киреше тапкан. Бул тууралуу анын декларациясында айтылат.

Ошондой эле ал декларацияда айыл чарба багытындагы 80 сотых жана 40 сотых болгон эки жери бар экенин көрсөткөн.

Андан тышкары, анын жакын туугандарында 81,7 чарчы метр болгон батир бар.

Орунтаев 2022-жылдын августунан 2023-жылдын ноябрына чейин Бишкектин вице-мэри болуп, андан бери Архитектура агенттигин жетектеп келет.

Exit mobile version