Site icon Reporter.kg

Нургазиев: Бишкек мэриясынын өзүнүн банкы болот

банк

Бишкек шаарынын мэриясынын өзүнүн банкы болушу мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда маалымат жыйынынын жүрүшүндө калаа башчысы Эрмек Нургазиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүн алар кирешелерин / чыгымдарын эсептеши керек.

«Бул үчүн банкка кредиттик линиялар, лизинг керек, биз ушул боюнча иштейбиз. Өзүнчө компания болот, өзүнүн банкы аркылуу автобустардын жана башка транспорттун заводдору менен иштөө жана байланышуу оңой болот. Биз автобустарды сапаттуу сатып алабыз, кыязы, алар Орусиядан же Европадан болсо керек, кытай автобустарын көрдүк, алар кышында иштешкен жок, бул каталарды кайталабашыбыз керек», — деди ал.

Exit mobile version